Биз менен байланышыңыз

5-июнда ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорттор иштей баштайт

Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 988 | 0

5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорттор иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары текшерүүнүн алгоритмин так аткарууга жана талап кылынган санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керектигин белгиледи.

— «Коомдук транспорттордо жана бардык жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелердин так сакташын катуу көзөмөлгө алуу керек. Конууда сөзсүз түрдө беткап тагынышсын жана дене табы өлчөнсүн. Автобус жана маршруттук такси менен ташууну уюштуруу коопсуз болушу шарт. Биз бардыгы санитардык нормаларды сактоо менен бара жатканына ишенимдүү болушубуз керек», — деген Кубатбек Боронов, Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр Бишкекте инфекциянын жугуу коркунучу жогору болуп турганын айтып,эгер олуттуу жагдайлар болбосо, жарандарга борборго барууну сунуштабай тургандыгын белгиледи.

Бишкектеги соода-сатык жайлары, соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспорттор сыяктуу коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактабагандыгы боюнча сындар айтылды, бул шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатары белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жайкы туристтик сезондун башталышынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилерине айтылган санитардык эрежелерди көзөмөлдөөгө катуу талаптар коюлганын белгиледи.

25-июндан тарта балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлери иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM