Биз менен байланышыңыз

«Өзбекстандын ЕАЭБге кириши Кыргызстанга пайда алып келбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 904 | 0

Өзбекстандын ЕАЭБге кириши Кыргызстанга пайда алып келбейт. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын ЕАЭБге кириши Кыргызстандын айыл чарбасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Өзбекстан мигранттарды жумуш орундары менен камсыз кылуу багытында Орусия менен эки тараптуу келишим түзгөн. Бирок биз аны кыла албайбыз. Дүйнө жүзүндөгү экономикалык биримдиктердин көпчүлүгү иштебейт. Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын аткарса, биримдик аркылуу дүйнөлүк соода алмашууга чыга алат. Мындан улам бизге ЕАЭБ керек», — дейт Алмаз Тажыбай.

Copyright © 2017 Maral FM