Биз менен байланышыңыз

Абдыкадыр Орозбеков тууралуу даректүү тасма тартылат

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 826 | 0

10-октябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Баткен облусунда атайын иш сапары менен болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова менен Азамат Жаманкулов иш сапарда ушул жылдын 25-октябрында Кадамжай районунда өтө турчу Кыргыз Совет өлкөсүнүн туңгуч жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар менен таанышып, улуу инсандын салтанаттуу мааракесин жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мааракеге карата өткөрүлө турчу иш-чаралар боюнча маалымат беришти. Анда атайын илимий-практикалык конференция, Кадамжай районундагы Орозбеков айылында театралдаштырылган оюн-зоок, концерт-кече, ат оюндары өтөрү, даректүү тасма тартылары белгилүү болду. Жыйындын соңунда тийиштүү тармактарга иш-чараны татыктуу өткөрүү боюнча тапшырмалар берилип, милдеттер бекитилди.

Copyright © 2017 Maral FM