Биз менен байланышыңыз

Темиралиев инвестиция салуудагы негизги критерийди атады

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 825 | 0

Инвестиция салууда негизги критерий — ишкердин дурустугу. Бул тууралуу «Tredstone Capital Partners» ишканасынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.

«Эң маанилүүсү, сиз өзүңүздүн ролуңузду аныктап алышыңыз керек. Сиз инвесторсузбу, өнөктөшсүзбү же насыя берүүчүсүзбү? Ошондой эле ишкердик баштоодо ачык-айкын талкуулап алуу зарыл», — дейт Темиралиев.

Ал мындан сырткары, милдеттерди так бөлүштүрүп, түшүнгөн тармакка инвестиция салууну сунуштады.

Белгилей кетсек, учурда «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда ишкерлердин B2I, B2B форматындагы жолугушуулары өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM