Биз менен байланышыңыз

«Европа Биримдиги — Борбор Азия» бизнес-форумунда 6 келишимге кол коюлду (видео)

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 374 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» бизнес- форуму өтүп жатат.  Анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланууда.

Форумга 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келди.

Форумдун расмий бөлүгүндө алты келишимге кол коюлду. Алар: чакан ГЭСтер, айыл чарба, билим берүү  жана жашыл экономика боюнча келишимдер.

Copyright © 2017 Maral FM