Биз менен байланышыңыз

Бишкекте “Медицинанын келечеги жаштардын көзү менен” аталышындагы жаштар форуму өтөт

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 685 | 0

Эртең, 26-ноябрда саат 13:00дө “Медицинанын келечеги жаштардын көзү менен” аталышындагы биринчи шаардык медициналык жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты — негизги медициналык-социалдык көйгөйлөрдү  аныктоо менен аларды чечүүгө байланышкан жаштардын пикирлерин угуу, баарлашуу жана тажрыйба алмашуу.

Форум Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM