Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Жыл аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 863 | 0

2019-жылдын аягына чейин өлкөдө 101 айыл таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан «Туруктуу өнүктүрүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган форумда баса белгилеп өттү.

2024-жылга чейин Республика боюнча 552 айылга таза суу жеткирилери айтылган. Президент белгилегендей, 207 айылга суу чыгаруу үчүн каржы булагы аныкталган.

Дагы 345 айылга суу чыгаруу үчүн каржы булагы аныктала элек. Буга болжол менен 481 миллион доллар керек. Бул каражаттын 450 миллионун донорлордун эсебинен каржылоо зарыл”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүнкү күндө 20 шаарды таза суу менен камсыздоо аракети жүрүп жатканын, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калып жатканын президент өз сөзүндө айтып өттү .

Copyright © 2017 Maral FM