Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстанда 2023-жылга чейин аткарылуучу маанилүү иштерди атады

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 985 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2023-жылга чейинки аткарылуучу маанилүү долбоорлордун атын атады. Бул тууралуу өлкө башчысы Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда билдирди.

Бул жаатта 10 багытта иш аткарылары белгиленди. Алардын катарында региондорду өнүктүрүү,  экспорттун көлөмүн жогорулатуу,  өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыттардан экени айтылды. Өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган ири улуттук долбоорлор ишке ашырылып, транзиттик потенциалын жогорулатуу,  өлкөнү санариптештирүү — абдан актуалдуу маселе болуп саналарын президент өз сөзүндө билдирди.

— Саламаттыкты сактоого, адам капиталын өнүктүрүү менен билим берүүгө артыкчылыктуу багыт берилет, — дейт президент.

Социалдык коргоо системасынын адилеттүүлүгү камсыз кылынып, өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жигердүү улантылары белгиленди.

Дагы бир маанилүү багыт катары коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу талап кылынары, чек ара аймактарын экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен атайын программаны биргелешип иштеп чыгуунун зарылдыгы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM