Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Укук коргоо органдары чектен чыгып баратат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 885 | 0

Укук коргоо органдары чектен чыгып баратат. Бизнесменден коркуп-үркүп калды. Ири капиталдардын сыртка чыгып кетүүсү жакшы көрсөткүч эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө стабилдүүлүк жок болгондуктан өкмөттүн курамына да, экономикага да көңүл бурулбай жатат. Аткаруу бийлиги алы жеткен нерселерди жасабай, майда иштер менен алек.

Жапаров мындан сырткары министрликтерде кызматкерлердин 30 %ы гана иштээрин белгиледи. Мындан улам кызматкерлердин санын кыскартуу зарылчылыгына токтолду.

«Иштеген кызматкерлерди алып калып, айлыктарын 3 эсе көбөйтүү керек. Бийлик колго тийсе ошондой кылабыз. Өкмөттүн курамын карап чыгуу зарыл. Бизге 7 министрлик жетмек. Өлкөнү 21 экономикалык округга бөлүп койсок болмок. Муну тастыктап, бекитип өкмөткө бергенбиз. Үй-бүлөдө эси жок кыз жалгыз уюн саттырып, көйнөк алып алат. Өкмөттүн абалы да ушундай болуп жатат», — дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM