Биз менен байланышыңыз

Айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкаларынын баасы 90%га чейин кыскарды

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 356 | 0

Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

 Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланкаларды – жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча «Госзнак» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчүлөрдүн бири болгон.

«Мамлекеттик документтер чет өлкөдө эмес,  өлкө ичинде даярдалышы керек. Жергиликтүү компания утуп алганы кубандырат. Бул мамлекеттик бюджетке салыктан түшүүчү төлөмдүн көбөйүп жатканын билдирет. Эң маанилүүсү, документ жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды, анан да жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады», — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90 %га чейин кыскарганын белгиледи. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын төмөндөшүнө алып келет.

Жаңы үлгүлөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Атайын сканерлер аркылуу жасалма, жасалма эмесин көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек,  мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон 52 сомго чейин арзандады.

Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр ушул жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM