Биз менен байланышыңыз

«Капитализм куруп жатабыз деп айтуудан тартынабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 705 | 0

2020-жылы бюджеттин эсебинен маяналарды көтөрүп жакшы көрүнөм дегендерге тыюу салуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы болот.

«Быйыл бюджет толук аткарылат дегенден алысмын. Киреше булактан 3-5 млрд сом каражат түшпөй калышы мүмкүн. Биз капитализм куруп жатабыз деп айтуудан тартынабыз. Мугалимдердин маянасын 30%га көтөрдүк. Өнүккөн мамлекеттер кесипкөй мугалимдердин айлык акысын 5 эсеге чейин көтөрүп койду. Ал эми биз баарына тең карайбыз деп коммунисттик доордон чыга албай жатабыз», — дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM