Connect with us

МАИчилер эми айдоочулардын унаа салыгын, патентин текшере албайт

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1536 | 0

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери милдетине ылайык келбеген бир катар иштерди аткаруудан бошотулду. Өкмөттүн «1999-жылдын 4-августундагы № 421 «Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Аталган документтин актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын жол коопсуздугу тутумун реформалоого шартталган. Ага ылайык, ички иштер тармагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери транспорт каражаттарынын айдоочуларынан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

— IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;
— транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;
— кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.

Жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды:
— мотоциклдин арткы отургучунда;
— борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
— баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда. Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө чет өлкөлөрдө сыноодон өткөн жана жакшы натыйжа көрсөткөн «Жаңыдан баштаган айдоочу», «Таксомотор (такси)» жаңы белгилери киргизилди.

«Таксомотор (такси)» белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келет, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын шарттайт.

«Жаңыдан баштаган айдоочу» белгисинин киргизилиши жаш айдоочулардын Кыргыз Республикасындагы автожолдордо
транспорт каражаттарын башкарууда ар кандай күтүүсүз кырдаалдын алдын алууну шарттайт. Мисалы, айдоочулар бул белгиси бар транспоротторго карата коопсуз аралыкты – интервалды сактайт, ошондой эле алар чыгаарда жол бошотуп беришет.

Мындан тышкары өлкөнүн мыйзамдары менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарынын, анын ичинде ЕАЭБдин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти менен айкалышын шарттайт.

Copyright © 2017 Maral FM