Биз менен байланышыңыз

«Жерүйдүн» үлүш маселесин чечүү үчүн жаңы мыйзам кабыл алуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 599 | 0

«Жерүй» алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү жок. Бул маселе бүгүнкү мыйзамдардын чегинде чечилбейт. Ал үчүн жаңы мыйзам кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт элдин талабын коюп, саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өндүрүлгөн алтынды бөлүштүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп парламентке алып келиши керек.

«Жерүйгө» келген инвестор — Орусиянын магнаттарынын бири. Аларды таш менен кууп чыга албайбыз. Ошондуктан инвесторду да макулдаштырууга барышыбыз керек. Мындан ары элдин кызыкчылыгын «Кумтөрдөй» берип салып отура бербешибиз керек», — дейт Жапаров.

Камчыбеков: «Жерүй» алтын кенинде мамлекеттин үлүшү жок

Эл өкүлү белгилегендей, «Жерүй» кенин иштеткен инвестор 1 млрд 200 млн доллардан көп пайда көрөт. Ал эми Кыргызстан болгону 260 млн доллар салык алат.

«Аталган кенди «Кыргызалтын» ишканасы иштетиши керек эле. Атамбаев лицензияны 100 долларга сатып жиберип, киреше салыгын да алып салып, басып кетти. Бул туура эмес көрсөткүч болду», — дейт депутат.

Кошумчалай кетсек, «Альянс Алтын» ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө «Жерүй» кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин «Жерүй» аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.

«Альянс Алтын» 2018-2031 жылдары кенди ачык ыкма менен жылына 1,3 млн тонна кен иштетүүнү, суммардык түрдө 58,2 тонна алтын казып чыгууну пландаштырууда.

Copyright © 2017 Maral FM