Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: «Жерүй» алтын кенинде мамлекеттин үлүшү жок

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 878 | 0

«Жерүй» алтын кени колдонууга берилип жатканда бюджетке 100 млн доллар төлөп бергени менен аталган кенде мамлекеттин бир пайыз дагы үлүшү жок болуп калды. Бул тууралуу Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Биз сунуш кылганбыз, бирок конкурстун шартында мамлекеттин үлүшү болбой калды. Анткени буга чейин алган компаниялар мурдагы чыгымдарын, «Кыргызалтын» сарптаган 10 млн доллар акчасын эске алып, 40 пайыздан үлүшкө макул болуп берип келишкен. Ушундай шарт дагы коюлган жок. Бул жерде конкурстук комиссиянын күнөөсү бар. Бизди өкүндүргөнү кенден 3,5 млрд доллар акча түшсө, анын 1 жарым млрд доллары таза киреше болот. Ошол таза киришиден мамлекеттин бир дагы үлүшү жок«, — дейт Камчыбеков.

Ал Кыргызстан насыя алып «Жерүйдү» «Кыргызалтын» ишканасы менен дагы иштетип алса боло турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM