Биз менен байланышыңыз

«Жерүйдүн» жемишин качан көрөбүз?

Саясат | 9 Фев 2021 | 1063 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 5-февралда бир жума аралыгында компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көз карандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен «Жерүй» кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлө турганын билдирген. Мына ошол комиссия кандай иш алып барат? «Жерүй» алтын кени эмне үчүн көп жылдан бери өзүнүн ишин баштабай келет? Мамлекеттик комиссия эмнелерге көңүл бурушу керектигине алдыда кененирээк токтолобуз.

Талас облусунун тургундары «Жерүй» алтын кенинин иштеши, экологияга тийгизген таасири боюнча дайыма маселелерди көтөрүп, нааразычылыктарын айтып, талаптарын коюп келет. Эл алтынды өндүрүүдө цианид колдонулуп, ал сууга түшүп, зыяндуу заттар кирет деген коркунучтан кооптонушат. Цианид алтынды башка металлдардан оңой бөлөт жана арзан болгондуктан колдонулат.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов билдиргендей, азырынча комиссия түзүлө элек. Жергиликтүү тургундар буга чейин айтылып жаткан көйгөйлөр боюнча комиссия түзүп, ишти иликтеп чыгып, резолюция киргизүүнү талап кылышкан.

— Талас эли да айтты, резолюция киргизип, мамлекеттик комиссия түзүлүп, айтылып жаткан көйгөйлөр иликтенип чыксын дешти.

«Жерүй» алтын кенин иштетүүдө чыр-чатактар көп болуп, канчалаган өкмөт башчылар иштете албай келишкен. Экс-депутат Эсенгул Исаков жаңы комиссия түзүүнүн негизги максаты экологияны сактап калуу болушу керек деп эсептейт.

Анын пикиринде, бардык кен байлыктарды иштеткен компанияларга инвентаризация жасоо керек.

— Комиссия биринчи кезекте келишимин карап чыгышы керек. Кемчиликтер каралып, мамлекетке пайда келе турган келишим болушу керек. Экинчиден, экологияны жана жаратылышты сактай турган алтынды казуу жолун тандайт. Мамлекетке канча пайда алып келет, эмне себептен лицензия алса да, канча жылдан бери иштебей келе жатат, ушул маселелерге да жооп берилиши шарт.

Кыргызстандын тоо кен тармагы оор абалда экендигин айткан Тоо-кен өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев «Жерүй» алтын кенин илимдин жана дүйнөлүк практиканын негизинде акыйкат ишке киргизүү керектигин белгилейт.

— Бул иш биринчи күндөн саясат, азыр да саясат. «Жерүй» кенин геолгдордун айрымдары «конфеть» дешсе, айрымдары «шоколад» деп коюшат. Анткени, бул эң жакшы жерде жайгашкан. Мындай кен Кыргызстанда жалгыз гана. Анткени энергетика, суу тармагы ордунда. Кыргызстанда тоо кен тармагын түшүнгөндөр көп, бирок аларды жакындатышпайт. Анткени бул жерде коррупция бар, мафия бар. Ошондуктан биринен-бирине өтүп отуруп, сметалык баасы 300-400 млн доллар болсо, азыр «Жерүйгө» кеткен акчалар миллиардга жакындап калды. Аталган кенден 100 тонна алтын казып, 85-90 тонна таза алтын алса болот.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков биринчи кезекте кен байлыктарды иштетүү жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек дейт. Себеби элдин байлыгы кол тийгис жана жеке колго берилбеши шарт.

— «Жерүй» алтын кенинде мамлекеттин бир пайыз да үлүшү жок. Бирок бейрасмий түрдө бир канча кишинин үлүшү бар экендиги айтылып жүрөт. Бийлик алмашкан сайын ал колдон колго өтүп жатат. Мамлекеттин, элдин эч кандай үлүшү жок. Эң кеминде жер байлыктын 70-80 пайызы мамлекетке таандык болушу керек. Инвесторлор 20-30%га чейин ээлик кылуу менен 100% каржылоону моюнга алышы керек. Актаганга чейин иштетсе болот. Керек болсо, мораторий жарыялап, буга чейин түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу керек.

Экономист Аймен Касеновдун айтымында, Кыргызстан биринчи кезекте инвестициялык саясатын аныктап, системдүү түрдө жазып чыгышы керек. Ошол эле учурда мамлекет стратегиялык жактан тоо кен тармагында кайсы мамлекеттер менен иштеше тургандыгын, кызыкчылыктарын жана шарттарын аныктап алса туура болот.

— Келишим түзүүдө биринчи мамлекеттин кызыкчылыгы каралып, инвестициялык саясат жүргүзүлүшү керек. Инвестор Кыргызстанга келерде мамлекеттин шарттарын окуйт. Негизи эле кендерди карап жатканда, илимий-техникалык борбор түзүп, кандай технологиялар менен иштетилерин, кандай түрүн колдонорун аныктап, экологиялык экспертизадан өткөрүп, кайсы принцип менен иштетиле тургандыгын кароо зарыл. Андан кийин инвестор издөө керек. Бизде Кыргызстанда инвесторлор өзү келип «мобуну алып, ушундай иштетем» деп коет. Мына ошол жери туура эмес болуп жатат.

Белгилей кетсек, «Жерүй» алтын кенин иштетүү укугу 2015-жылы Орусиянын «Восток-геолдобыча» компаниясына берилген. Компания сынак аркылуу 100 миллион долларга сатып алганы менен мамлекет андан бир пайыз да үлүшү жок калган. Расмий маалыматтар боюнча, кенде 105 тонна алтындын запасы бар.

Copyright © 2017 Maral FM