Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жерүй алтын кенинин ачылышына Жапаров жеринде, Путин онлайн катышат

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 1092 | 0

Бүгүн, 17-мартта Талас облусунда «Жерүй» кенинин рудасынан алтын алынуучу «Талас» алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышат.

Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргызстандын аймагында тазаланат.

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка  ээ болот.

Copyright © 2017 Maral FM