Биз менен байланышыңыз

«Жерүй»: Лицензияны кайтарып алууга саясий эрк жетпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Мар 2021 | 2159 | 1

Кыргызстан «Жерүй» алтын кени боюнча Орусия тарап менен келишимди бузушу керек болчу, азыр кеч. Бул тууралуу журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан «Жерүйдөн» 50% таза алтын алышы керек эле.

Мурдараак кенди берүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынбаганын айтып, келишимди бузууга болмок.

«Тилекке каршы, процесс кетти. Лицензияны кайтарып алууга саясий эрк жетпейт, мамлекет көп жагынан мажирөө абалда. Орусиянын алдында көз карандылыгыбыз көп тараптуу. Орусия жыл сайын 5 млрд долларды алып кетет да, садака бергендей бизге 39 млн доллар беришинин эмне кереги бар? Бул — уят нерсе! Орусия алаксытып, «упчу эмизип» коёт. Бул эмне деген саясат?!» — дейт Акматов.

1 пикир

1 пикир

  1. Талант

    19.03.2021 17:54

    Кыргыз элинин туруктуу экономикасын орундатууда ич куйдуу,коро албаган,кайдыгера Журналист,саясатчы допуростор кобойуп эле баратат акылдуусунган элдин душмандары, учурда кыргыз элинин эн чон мумкунчулугу бар экономиканын осуп онугуусуно Оруствр менен биргеликте Жер — Уй алтын кенин иштетуудо,озгочо жергиликтуу Талас обласынын тургундарынын социалдык жактан жашоо шарттарын тейлоодогу жакшырышына,орус мамлекети толук жоопкерчилигине алып жатышат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM