Биз менен байланышыңыз

Жерүй кенинде алгачкы алтын жакынкы күндөрдө өндүрүлүп баштайт

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 488 | 0

Талас облусундагы Жерүй кени жакынкы убактарда алгачкы алтынды алат. Аны иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын эколог адиси Максат Базарбаев Жерүй кенинде алгачкы алтын жакынкы күндөрү алынарын билдирет. Ал үчүн учурда фабриканын курулуш иши аяктоо алдында турат. Буга катар эле бардык талаптарга жооп берген калдык сактоочу жайдын курулушу бүтүү алдында турганын эколог маалымдады.

Анын белгилешинче, алтын өндүрүлүп баштаса, экологияга эч кандай терс таасир тийбейт. Бул жерде бардык техникалык эрежелер туура сакталгандыктан облус тургундарына эч кандай кооптонгонго негиз жоктугун айтат:

Негизи, алгачкы алтын жакында күндөрдө өндүрүлүп баштайт. Ага чейин курулуш иши тынбай жүрүүдө. Бул жердеги жумушчулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү жарандар. Бир гана тоо-кен тармагында билими жана тажрыйбасы жетиштүү адистер башка аймактардан келгендер. Калдыктарды сактоочу жерде көптөгөн технологиялар сакталган. Технологияларга ылайык геомембрана төшөлгөн аянтка толугу менен санитардык коопсуздук зонасы белгиленген. Санитардык коопсуздук зонасы жакынкы Кара-Ой айылынан 2 км алыс, Сасык-Булак айылынан 3 км алыс жайгашкан. Калдык сактоочу жайдан берилген калдыктар жарым-жартылай кургак түрүндө сакталганына байланыштуу, санитардык коопсуздук зонадан чыкпайт, — деди Базарбаев.

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, фабриканын комплексинде 15тен ашык курулуш бар. Алардын катарында ар кандай складдар, металлды ээритүүчү, калдыктарды сактоочу, суу бөлүштүрүүчү жайлар, насостук станциялар, электр менен камсыздоочу станциялар, көзөмөл-өткөрмө пункттар курулуп жатат. Курулуштарда айлана-чөйрөнү коргоого көп көңүл бурулат. Атайын уюм менен мурда колдонулган желим баштык, желим бөтөлкө, иштетилген май, темир, отун калдыктарын, кагаздарды, эски дөңгөлөктөрдү өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Жер кыртышы күйүүчү-майлоочу майлар менен булганбайт жана кыртышка зыяндуу заттар төгүлбөйт. Пайда болгон катуу калдыктар келишим түзүлгөн уюмга өткөрүлүп берилгенге чейин атайын убактылуу сактоочу жайда сакталат.

Copyright © 2017 Maral FM