Биз менен байланышыңыз

Бажы пункттарына видео камералар орнотулду. Коррупция канчалык жоюлат?

Саясат | 25 Сен 2019 | 606 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы бажы бекеттерине видеокөзөмөл камераларын орнотуп жатат. Бул аракет Бажыканалардагы кызматкерлеринин ишин жакшыртууга, аталган кызматтагы паракорлукту төмөндөтүүгө өбөлгө болору айтылууда. Мекеме ушул жылдын аягына чейин автоматташтырылган түргө өтүп, онлайн иштеп баштайт.

Өлкөгө аткезчилик жол менен кирген товарлар көбөйүп жатканы, бажы кызматынын коррупцияга батып калганы катуу сынга кабылып келет. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында Орусиянын техникалык колдоосу  менен видеокамераларды орнотуу ишке ашып жатканы маалым. Бажы кызматы маалыматтык системаны онлайн иштетүү иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү мерчемдөөдө.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов система толук иштей баштаса, коррупцияга жол берилбесин айтат.

— Видеокамералар  орнотулуп бүттү. Эми системага киргизилип, онлайн иштеп баштайт. Кирген товарлар текшерилип, анан өткөрүлөт. Ошондо гана аткезчиликке бөгөт коюлат жана жең ичинен соода болбойт. 

Анткен менен адистер видеокамералар коррупцияны жое аларына ишенишпейт. Маселен, экономист Искендер Шаршеев да ушундай пикирде. Анын айтымында, видеокамераларды орнотуу менен коррупция жоюлуп калбайт. Бажы кызматы дүйнөлүк байкоо жүргүзүүчү уюмдар менен иштешкенде гана жыйынтык бериши мүмкүн.

— Мында видеокөзөмөлдөө менен коррупцияны таптакыр токтотуп кое албайбыз. Себеби, автоматташтыруу иштин жүрүшүн гана жеңилдетет. Коррупцияга каршы башка иш-аракеттер аткарылышы керек.  Башка өлкөлөрдүн чек араларында өтө кылдаттык менен текшерет. Бажы кызматы да дүйнөлүк байкоо жүргүзүүчү уюмдар менен иштеши шарт. Ошондо гана кандайдыр бир тартипке сала алабыз. 

Бажы кызматынын маалыматында, «Кызыл-Кыя унаа жолу» бажы бекетине — 56,  «Торугат» көзөмөл-өткөрмө бекетине — 73 видеокамера орнотулду. Ал эми өлкө боюнча видеокөзөмөл камераларынын саны 472ни түзөт. Товар чек арага келе жаткан эки саат аралыгында системага катталат. Индекс номери аркылуу тийиштүү маалыматтар алынат.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова: «Бажы системасы мурда эле автоматташтырылышы керек болчу», — дейт. Эми товар ташуу, аларды текшерүү ачык болоруна ишенет.

— Автоматташтырууну эчак ишке киргизүү керек эле. Бул маселени айтып эле келгенбиз. Видеокамера коюлса жакшы жыйынтык берет, себеби, ар бир кирген товар сканерден өтөт.

Ал эми депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, бажынын айланасындагы коррупция бир гана бул мекемеге тиешелүү эмес. Себеби, айкын иштөөнү камсыз кылууда комплекстүү иш жүрүшү керек.

— Бажы бекеттери башка өлкөлөрдө мурда эле автоматташтырылган. Мисал үчүн, Грузия мамлекетинде 30 мүнөттө текшерип өткөрөт, ал эми бизде суткалап өткөрбөй тура беришет. Эми бажы кызматы эле  жыйынтык бере албайт, тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып баруу керек. Себеби, чек арадагы кызматкерлер, ким акча берсе кезексиз өткөрүп жиберет. 

Буга чейин 2019-2023-жылдарга бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынып, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ал эми коомчулук Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы жемкорлуктун сап башында экенин айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM