Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия: Жогорку Сот Жонсондун ишин кароону улантат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 534 | 0

Улуу Британияда парламентти эс алууга чыгаруу боюнча Жонсондун аракети Жогорку Сотто каралууда.

Атаандаштары премьер-министр Борис Жонсонду Евробиримдиктен чыгууда тоскоолдук кылбасын деген максатта парламентти убактылуу эс алууга кетирүүнү Ханышага сунуштаганы үчүн айыпташууда. Ошондой эле, Ханышага чындыкты айтпастан, бул аракетинин Брекзитке тиешеси жок экендигине ишендиргенин белгилешип, нааразы болушкан.

Эгерде сот бул аракетти мыйзамсыз деп тапса, Борис Жонсондун мансабына катуу сокку болорун эл аралык басылмалар белгилешүүдө.

Сот кечээ, 17-сентябрда башталды. Уктуруу 3 күнгө созулары айтылган.

Улуу Британия парламенти октябрга чейин ишин токтотту

Copyright © 2017 Maral FM