Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия парламенти октябрга чейин ишин токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 590 | 0

Улуу Британия парламенти 14-октябрга чейин ишин токтотту. Бул тууралуу палатанын өкүлү Twitter’деги аккаунтунда билдирди.

«Парламент тарады, 2019-жылдын 14-октябрында кайрадан чогулуп расмий түрдө ишин баштайт», — деп жазылат билдирүүдө. Буга окурмандардын көпчүлүгү терс пикир калтырышып, нааразы болушкан. Ошондой эле, Жонсондун оппоненттери парламент эс алууга кеткен себептерин жашырып жатат деп шек санашууда.

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча сунушу кабыл алынган эмес.

Ошондой эле, Жонсондун каршы болгонуна карбай, Британияда Ханыша Елизавета II Брекситтин мөөнөтүн жылдырды. Ханыша өкмөт уюмдан келишимсиз жана мыйзам чыгаруучулардын макулдугусуз чыгышына тыюу салган мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, өкмөт 2020-жылдын 31-январына чейин Евробиримдиктен чыга албайт.

Ал эми Британияга жаңы премьер-министр болгон Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM