Биз менен байланышыңыз

Жалда эки жаранды мыкаачылык менен сабагандар 2 айга камакка алынды

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 464 | 0

Бишкектин Жал кичирайонундагы мушташтын шектүүлөрү  № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы «Маралга» билдирди.

Эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду эки айга камакка алуу чечимин Бишкектин Свердлов райондук соту 7-сентябрда кабыл алган.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» соода борборунун жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Шектүүлөр издөөгө алынып, кийинчерээк алар өзүлөрү милицияга келишкен.

Окуя болгон жерге келип, сабаганга шектүүлөрдү кармабастан, бошотуп жиберген милиция кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM