Биз менен байланышыңыз

Жалда мыкаачылык менен киши сабаган бир туугандар дагы 40 күн камакта кармалат

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 517 | 0

Бишкектин Жал кичи районунда жарандарды мыкаачылык менен сабаган бир туугандардын камакта калуу мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир туугандар 34 жаштагы Жаныбек Бапышев жана 20 жаштагы Калысбек Сеитбеков 31-декабрга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагында кармалышат.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» соода борборунун жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Шектүүлөр издөөгө алынып, кийинчерээк алар өзүлөрү милицияга келип колго түшүп беришкен.

Окуя болгон жерге келип, зомбулукка шектүүлөрдү кармабастан, бошотуп жиберген милиция кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдү калкалады деген алардын милиция кызматкери тууганына да кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM