Биз менен байланышыңыз

Өрттөнүп кеткен «Антошка» тамактануу жайынын кожоюну камакка алынды

Кыска кабар | 9 Ноя 2019 | 653 | 0

Бишкекте жарылуу болгон «Антошка» тез татым борборунун кожоюну А.К. камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаардык милициянын тергөө кызматы аны Жазык кодексинин «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган.

Кечээ, 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Өрт  15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Алардын ичинен экөө жаш балдар. Дагы үчөө дарыланып үйлөрүнө чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM