Биз менен байланышыңыз

ЖАЛда аёсуз сабалгандардын бири ооруканадан чыгарылды

Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 633 | 0

28-августта Бишкектин Жал кичи районунда аёосуз токмоктолгон эки жарандын бирөөсү ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлиги билдирди.

Жалда сабалып, оор абалда Улуттук госпиталга түшкөн эки кишинин бири өткөн аптада ооруканадан чыгарылган.

Кома абалында ооруканага түшкөн бейтап бир топтон кийин эсине келген. Саламаттыгы жакшырып, бир жума мурун үйүнө чыгарылган. Экинчи жабырлануучунун жаактары сынган, ага операция жасалды, кийинки жумада чыгат”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

28-август күнү эртең менен Жал кичи районундагы супермаркеттин жанынан үч киши мыкаачылык менен таякталып, экөө ооруканага түшкөн.

Аларды сабаганга бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков шектелип, беш күндөй издөөгө алынган. Коомчулук аларды таап, мыйзам чегинде жазасын берүү боюнча милиция катуу талап койгондон кийин, шектүүлөр өз ыктыяры менен милицияга келишкен.

Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алган.

Copyright © 2017 Maral FM