Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан дагы 19 адам каза тапты

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 238 | 0

Бүгүн, 1-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетинен 19 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 3 бейтап каза болду, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусу боюнча – 4, Баткен облусунда – 1 бейтап көз жумду.

Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1397 ге жетти.

Акыркы суткага карата өлкөдө коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 36 миң 299га жетти. Илдеттен жалпы 26 миң 426 жаран айыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM