Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 494 адамдан табылып, беш бейтап каза болду

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 571 | 0

Бүгүн, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 224, Ош шаарында — 80, Чүй облусунда — 76, Ош облусунда — 47, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 27, Баткен облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда 351 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан Кыргызстанда 5 киши каза болгон. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталган.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 108 миң 667 учур катталды. Анын ичинен 101 миң 715 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 869 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM