Биз менен байланышыңыз

Новиков коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдануу планына канааттанган жок

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 745 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан COVID-19 үчүнчү толкунуна даярдануу планы чыныгы муктаждыктарды камтыган эмес. Мындай нааразычылыгын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республиканын ар бир региону 1-2 күндүн ичинде саламаттыкты сактоо уюмдарында кошумча керебет, суюк кычкылтек менен камсыздоо тутумунун даярдыгын камсыз кылышы, кошумча медициналык адистердин тартылышын ыкчам жүрө турган кылып карап чыгуу керек. Ошондой эле жаңы клиникалык дарылоо протоколуна ылайык дары-дармектер менен камсыз кылууну тапшырды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, учурда аймактарда кошумча керебеттерди жеткирүү иштери жүрүп жатат. Биринчи этапта, планга ылайык, 3 миң 500 керебет даярдалып, анын 500дөн ашык керебети реанимация бөлүмдөрүндө жана 3400гө жакын кошумча керебеттер жайгаштырылат.

Буга чейин массалык маалымат каражаттары Ош облусунда пневмониядан улам балдарды көмүү боюнча массалык түрдө жүрүп жатат деген маалыматтарды тараткан. Ал эми жыйында бул маалыматтар тастыкталбаганы жана чындыкка дал келбегени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM