Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Шайлоо участогу менен 1 имаратта жайгашканы үчүн түнкү станционар жабылды

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 1663 | 0

Жалал-Абад шаарындагы түнкү станционар ачылгандан 2 күндөн кийин кайра жабылып калды. Буга бир имаратта шайлоо участогу менен станционардын жайгашкандыгы себеп болгон.
Бул тууралуу «Маралга» аталган станионарда иштеп жаткан дарыгер кабарлады.

Мындан эки күн мурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорттук залына түнкү станционар ачылган болчу. Бейтаптар улам көп келе баштаган. Бүгүн кечке жуук келип эшикти ача албай калдык. Анткени ачкычтарын алмаштырып коюшуптур. Бизге эч ким кабар да берген жок. Жапканынын себеби бир имаратта шайлоо участогу менен станционар бир болбошу керек экен. Азыр бейтаптар сыртта күтүп турушат. Аларга кантип жардам берүүнү билбей жатабыз,-дейт дарыгер.

Анын айтымында, жаңы ачылган станционарга «Жалал-Абад биримдиги» коому демөөрчүлүк кылып, керектүү каражаттарды, дем алдыруучу аппараттарды сатып бергенин кошумчалады.

Бул тууралуу шаар бийлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM