Биз менен байланышыңыз

Жалдагы мушташ: «Чоң муштумдарды» калкалаган Казыбек Бапышев эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 793 | 0

Жал кичи районунда 2 жаранды мыкаачылык менен сабаган шектүүлөрдүн агасы, милициянын мурунку кызматкери Казыбек Бапышов 10-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ кечинде чыгарды.

Казыбек Бапышев «чоң муштум балдарды калкалаган, аларды табууда милицияга тоскоолдук кылган» деп шектелип, качып кеткен болчу. Ал 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районундагы «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Окуя дүкөндүн видеокөзөмөл камерасына тартылып калган. Анда 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар сабады деп шектелип, милициядан жашырынган.

Жапа чеккендердин жакындары, туугандары, коомдук активисттер милицияга катуу талаптарды коюп, күч органдары издөө салгандан кийин, 8 күн дегенде бул шектүүлөр милицияга өзүлөрү келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM