Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков Курсан Асановдун сотуна көп адамдардын коштоосунда келди

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 4212 | 0

Курсан Асановдун иши боюнча соттук териштирүүгө экс-вице-премьер Жеңиш Разаков бир катар адамдардын коштоосунда келди. Журналисттерге маек берип жатып, Разаков жан сакчылары жок экенин айтты.

Экс-вице-премьер министр бул иш боюнча жабырлануучу катары саналууда. Ал «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго карата арыз жазган.

Соттук териштирүү бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда башталды. Сот отурум судья Адылбек Эсенбаевдин төрагалыгы менен жабык өтүп жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Асанов экс-чиновник Разаков тажик чалгындоосунун агенти экени тууралуу маалымат таратып, ага «Чындык» басылмасынын редактору жардам берген.

Copyright © 2017 Maral FM