Биз менен байланышыңыз

Ирактагы кыргыз балдарды алып келүү планы иштелип чыкты

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 392 | 0

Ирак мамлекетиндеги Кыргызстандын жарандарын — балдарды Мекенине алып келүү маселеси Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан иштелип чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мунун негизинде Ирак өлкөсүнүн атайын кармоочу жайларындагы балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Алар вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында иш алып барышууда. Ишти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз көзөмөлүнө алганы кабарланды. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Ирак өкмөтү менен атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алдын ала түзүлгөн мерчемге ылайык, аталган жумушчу топтун жакын арада Багдад шаарына барып келери күтүлүүдө.

Маалым болгондой, бүгүнкү өткөн атайын отурумда жумушчу топтун жетекчиси, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков иштин аткарылышына кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирип, муну саясатташтырбоого чакырык таштады. Ал белгилегендей, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги алынып келинген балдарды коомго аралаштыруу, балдардын психикасын калыбына келтирүү иштери боюнча даярдык көрүшүүдө.

Муну менен катар, Сириядагы Кыргызстандын жарандары турган жерлер тууралуу маалыматтарды алуу жана алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

Copyright © 2017 Maral FM