Биз менен байланышыңыз

Монголияга сапар. Мөөнөтсүз достук келишими (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 565 | 0

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында аталган өлкөнүн президенти Халтмаагийн Баттулга менен Орусия президенти Владимир Путин жолугушту. Маек алкагында эки тарап мөөнөтсүз достук келишимине кол коюшту.

Анда аскердик-техникалык кызматташтык жана соода тармагын өнүктүрүү тууралуу маселелер камтылган.

Путин Монголиянын өлкө башчысын 2020-жылы 9-май Жеңиш күнүн белгилөө салтанатына чакырганын айтып, чакырууну кабыл алганы үчүн Баттулгага ыраазычылык билдирди.

Орусиянын президенти Путиндин расмий иш сапары Халхин-Хол дарыясынын жээгинде болгон монгол-жапон урушундагы монгол жеңишинин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышууга багытталган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM