Биз менен байланышыңыз

Эртең Жогорку Кеңеш ишин баштайт

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 539 | 0

Парламенттин VI чакырылышы эртең, 2-сентябрь саат 9.30да жайкы эс алуудан кийин кезектеги VII сессиясын баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Баш мыйзамдын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештиин регламенти жөнүндө мыйзамынын 34- беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи иш күнү башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.

Эске салсак, парламенттин алтынчы чакырылышы 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келген.

Copyright © 2017 Maral FM