Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүк күнүнө карата өзгөчө куттуктоолор

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 5278 | 0

Бүгүн, 31-август кыргызстандыктар таңды бирин-бири эгемендик майрамы менен куттуктодон башташты. Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык салтанатта президент Сооронбай Жээнбеков саясат менен ашкере алектенүүнү токтотуп, экономикалык жана башка тармактарда өнүгүүнү жолго салуу керектигин белгилеген.

Жээнбековдун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу (толугу менен)

Мындан сырткары, Орусия, АКШ, Кытай, Түркия баш болгон бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүп жатышат.

Бир катар өлкөнүн президенттери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Социалдык тармактарда эгемендиктин 28 жылдыгына арналган посттор абдан көп чыгып жатат. Алардын эң өзгөчөлөрүн сунуштайбыз:

Украиналык жаш блогер Саша Бельский, 5 ай аралыгында интернет аркылуу кыргыз эли менен жакындан таанышып, достошууга да жетишкенин айтып, видео куттуктоо даярдаган. Ал Кыргызстан жөнүндө өз өлкөсүнө караганда да көп маалымат билерин айтып, кыргыз тилинде каалоо-тилегин жолдогон.

Ал эми “Кант” авиабазасынын аскерлери “өлкөнүн эң башкы байлыгы-аны эмгеги менен дүйнөгө таанытып, маданиятына жана тарыхына аяр мамиле жасаган элинде” деп, куттуктоосун өзгөчө тасма менен толуктаган.

View this post on Instagram

Военные с авиабазы "Кант" записали видеообращение к кыргызстанцам В обращении говорится, что главная ценность страны — люди, которые прославляют ее своим трудом, бережным отношением к истории и традициям. Военнослужащие авиабазы ОДКБ "Кант" поздравили кыргызстанцев с Днем независимости. Начальник авиабазы Денис Сафонов, летчики, а также директор школы № 2 Министерства обороны РФ и члены юнармейского отряда "Новое поколение" записали видеопоздравление. "От себя и от всего личного состава Объединенной российской военной базы примите наши сердечные поздравления с главным праздником страны — Днем независимости Кыргызской Республики", — сказал Сафонов. В выступлении отмечено, что Кыргызстан обрел мировую известность и авторитет как миролюбивое государство, а его граждане "сумели выстроить прочный фундамент, опираясь на который, руководство республики укрепляет экономику и социальную сферу". В поздравлении также говорится, что главная ценность страны — люди, которые прославляют ее своим трудом, бережным отношением к истории и традициям. Служащие авиабазы пожелали кыргызстанцам здоровья, благополучия, достатка, спокойствия и мира.

A post shared by 📢 САМЫЕ ЭКСКЛЮЗИВНЫЕ НОВОСТИ (@newtv_official) on

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кыргыз элин куттуктоосу менен гана эмес, озүнүн кыргызчасы менен да таң калтырды.

Ал эми Гарреттин АКШлык кесиптеши Дональд Лу Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учүн атайы боз үй тигип жаткан видеосун фейсбуктагы баракчасына жарыялап, «Бул күндү сиз кандай өткөрөсүз» деп толуктаган.

Independence Day

🇰🇬 | Элчи Дональд Лу ажайып кооз боз үйдү тигип, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн майрамдайт. Сиздер бул күндү кандай майрамдайсыздар? ☀️ Бардык кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы менен куттуктайбыз! ____🇰🇬 | Посол США Дональд Лу празднует День независимости Кыргызской Республики, собирая красивейшую юрту. А как вы будете отмечать этот день? ☀️ Поздравляем с 28-ой годовщиной независимости всех кыргызстанцев!#USEmbassyKG #Kyrgyzstan

Опубликовано U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic Пятница, 30 августа 2019 г.

Жогорку Кеңештин депутаттары да четте калбай, көпчүлүгү өздөрүнүн социалдык баракчалары аркылуу куттуктоо сөздөрүн айтышты. Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов кесиптештеринен өзгөчөлөнүп элине болгон каалоо-тилегин ыр менен жеткирүүнү туура көргөн.

Марал радиосунун жалпы жамаатынын атынан дагы бир ирээт эгемендүүлүк күнүңүздөр менен куттуктайбыз!

Copyright © 2017 Maral FM