Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата камактагы 113 адамга мунапыс берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 538 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев камактагы адамдарга мунапыс берүү боюнча документке кол койду. Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 113 жаранга мунапыс берилет.

Алардын ичинен 5 адам жазадан толугу менен кутулса, 53 адам мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулат. Ал эми 15 жарандын жазасы жеңилдетилди. Мындан тышкары камактагы 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.

Мунапыс берилгендердин арасында жашы алтымыштан ашкан бир адам, эки чет элдик жаран жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын 105 мүчөсү бар.

Copyright © 2017 Maral FM