Биз менен байланышыңыз

Бир катар өлкөнүн президенттери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 635 | 0

Кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер;

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко, АКШ лидери Дональд Трамп;

Швейцариянын мамлекет башчысы Ули Маурер;

Румыния президенти Клаус Вернер;

Бельгия королу Филипп;

Венгрия президенти Янош Адер;

Индиянын лидери Рам Натх Ковинд;

Испания королу Фелипе;

Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль Сиси;

Грек Республикасынын президенти Прокопиос В. Павлопулос;

Болгариянын өлкө башчысы Румен Радев;

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга;

Сауд Арабия Королдугунун мураскер ханзадасы, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд;

Италиянын президенти Серджо Маттарелла;

Пакистандын өлкө башчысы Ариф Алви;

Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани;

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев;

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган;

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев;

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин;

Украинанын лидери Владимир Зеленский;

Бириккен Араб Эмираттарынын төрагасы Халиф бин Зайед Аль-Нахайян;

Түркмөнстандын ажосу Гурбангулы Бердымухамедов;

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;

Өзбекстанстандын башчысы Шавкат Мирзиёев;

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын лидери Владимир Путин Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчылар Жээнбековго чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашкан.

Алар салттуу достук мамилелер жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары дагы өнүгүп, кеңейерине ишеним артышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн 31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. Өлкө 28 жылдан бери эл аралык коомчулукта эгемен өлкө катары, адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет катары таанылууда.

Copyright © 2017 Maral FM