Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жерлерди трансформациялоо боюнча компетенцияларды жергиликтүү бийликке өткөрүүнү демилгеледи

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 771 | 0

Өкмөт жерлерди трансформациялоо боюнча компетенцияларды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өткөрүп берүүнү демилгеледи. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин — бир түрдөн башка түргө которуу бүгүнкү күнү жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат. Калган жерлерди бир категориядан башкага которуу өлкө Өкмөтүнүн чечимине ылайык жүргүзүлөт.

Кеңешменин жүрүшүндө Юстиция министри Марат Жаманкулов «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу Өкмөттүн токтому демилгеленип жатканын билдирди.

Бул мыйзам долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жерлерди которуудагы (трансформациялоо) компетенцияларын, тагыраагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенцияларын аныктоо боюнча жер мыйзамдарынын ченемдерин жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Премьер-министр кошумчалагандай, бул ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы бүгүнкү күнү жергиликтүү бийлик органдарынын алдында ыкчам чечүүнү талап кылган маанилүү милдеттер тургандыгы менен шартталат. Ошону менен бирге бул таза суу менен камсыздоо, таштанды полигондору жана көрүстөндөр үчүн жер бөлүү маселелерине байланыштуу.

Бирок жергиликтүү бийлик органдарында бул маселелерди ыкчам чечүүдө кыйынчылыктар келип чыгууда. Анткени ченемдик-укуктук актыларды андан ары Өкмөттө кароо үчүн министрликтер менен макулдашуу көп убакытты алууда.

Аталган маселе боюнча Өкмөт башчы Юстиция министрлигине бул мыйзам долбоор менен белгилеген тартипте  иш алып барууну улантууну тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM