Биз менен байланышыңыз

Нарын, Талас облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчилери алмашты

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 621 | 0

Юстиция министринин буйругу менен Талас облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Жайлообаев Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Талас облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчиси кызматына мурда Нарын облусуну юстиция башкармалыгын жетектеген Гүлгаакы Абдуллаева дайындалды.

Маалыматка ылайык, мындай алмашуулар кызматкерлердин кадрдык дараметин сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Юстиция министрлигинин тутумундагы иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана  коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM