Биз менен байланышыңыз

«Росинбанк» эми «Керемет Банк» болду

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 1011 | 0

«Россия Инвестициялык Банкы» Ачык акционердик коому өз атын «Керемет Банк» деп расмий өзгөрттү. Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматы билдирди.

Банк бул боюнча Юстиция министрлигинде мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өттү.

«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун №049 лицензиясы, улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген №049 лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмеги 2019-жылдын 3-октябрында банктын өтүнүч катынын негизинде алмаштырылды.

Copyright © 2017 Maral FM