Биз менен байланышыңыз

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 495 | 0

Нотариустардын бирдиктүү реестрин, нотариустук иш-аракеттердин маалыматтык негизин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү  «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картанын» иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасы иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын жүктөмүн азайтууга, алардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган.

Учурда жарандар жана уюмдар нотариустук, айрыкча коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууга же сатууга байланыштуу кызматтарды пайдаланууда ыңгайсыздыктарды сезишет. Ар кандай агенттиктерден алынган зарыл документтерди бергенден кийин алар кыймылсыз мүлктүн актуалдуу макамы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн нотариустук кеңселер мамлекеттик каттоо бюросу менен байланышканча күтүшү керек. Баскычтуу аткарылган транзакциялардын санынын көптүгүнө байланыштуу, кардардын жана сатуучунун ортосунда нотариус аркылуу таризделүүчү келишимдерди жүргүзүү кыйла көп убакытты талап кылат.

«Электрондук нотариусту»  толук кандуу киргизүү үчүн Өкмөттүн буйругу менен Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн.

20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда толук кандуу жана комплекстүү иштөөсү үчүн системаны тууралоо жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM