Биз менен байланышыңыз

2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 588 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда юстиция министри Марат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Марат Жаманкулов юридикалык жактарды каттоого табыштамаларды берүү процессин автоматташтырып, жөнөтүлгөн табыштамалар тууралуу маалыматты онлайн режимде берүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилгени белгиленди. Сот органдары документтерди карап чыккандан кийин, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк 3 күн ичинде берилет.

Ошондой эле «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилген.

Юстиция министри калкка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

2019-жылы 14 миң 441 кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Адвокаттардын жардамы менен соттор алгачкы жолу 8 актоо өкүмүн чыгарышты. Эгерде мурда буга бюджеттен 16-20 млн сом бөлүнсө, 2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн. Калкка кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Президент калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, ченем жаратуу процесстерин автоматташтыруу жана 2020-жылы юстиция органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча иштерди улантуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамдардын жана Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Copyright © 2017 Maral FM