Биз менен байланышыңыз

Боронов: «Электрондук нотариус» коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 615 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Юстиция министрлигинин Бишкек шаарынын аймагында пилоттук режимде иштеп жаткан «Электрондук нотариат» маалыматтык тутумунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Юстиция министри Марат Жаманкуловдун айтымында, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасынын жардамы аркылуу нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттери электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоого мүмкүн болот.

-Бул «Электрондук нотариат» маалымат системасы аркылуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө  байланыштуу жасалган иш-аракеттердеги мыйзамсыз аракеттердин алдын алат жана нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү  жогорулатат. «Электрондук нотариат» маалымат системасы баарынан биринчи адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган, – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр өлкөнүн бардык аймактарындагы нотариустардын «Электрондук нотариат» маалымат системасына кошулуусун камсыз кылуу үчүн ушул жылдын аягына чейин жабдууларды алып, кызматкерлерге система менен иштөө жеткиликтүү болуш үчүн окуудан өткөрүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, «Электрондук нотариат» маалымат тутумуна Бишкек шаарындагы 12 мамлекеттик жана 2 жеке менчик нотариус кошулган. Бул система учурда пилоттук режимде иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM