Биз менен байланышыңыз

Индияда каттуу жаандан 58 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 563 | 0

Индияда каттуу жааган жаандан акыркы эки күн аралыгында 58 киши каза болду. Нью-Делиге жакын райондордон 10 миңден ашык киши эвакуацияланганын чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, Уттаракханд штатында 32 киши каза болуп, 8 киши дайынсыз жоголгон. Ал эми Химачал-Прадеш штатында 26 киши суу ташкынынан көз жумган.  Жергиликтүү бийлик баардык билим берүү мекемелерин убактылуу жабылганын билдирген.

Пенджаб штатынын башкы министри Амариндер Сингх суу ташкындарынын кесепетин жоюу үчүн 13 млн. доллар бөлгөн.

Ошондой эле, дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу жаңы суу каптоо коркунучу жаралгандыгы айтылган.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM