Кыргызгидромет борбордон алынган маалымат боюнча, эртең, 18-августта өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.
19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоого жакын жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн.
18-августка карата абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз+20…+25
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +29…+31 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +20…+22 градус болот.