Ала-Тоо аянтында чогулган Атамбаевдин тарапташтарын милиция күч менен таратты. Калканчан милициялар кулак тундуруучу жана жаш агызуучу жардыргыч каражаттарды колдонуп, Ала-Тоо аяндына чогулгандарды кубалады.
Учурда саат 00:03кө карата абал басаңдаган. Көчөлөрдө топтошкондор жок. Калканчан милициянын тобу борбордук аянтка жакын бардык көчөлөрдү кыдырып текшерип жүрөт.