Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри келди

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 468 | 0

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин иш сапары менен кыргызстанга келди. Ал Евразия парламенттер аралык кеңештин жыйынына катышат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл эл аралык аэропортунан казак Өкмөтүнүн башчысын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Иш сапарынын алкагында Аскар Маминди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM