Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин иш сапары менен кыргызстанга келди. Ал Евразия парламенттер аралык кеңештин жыйынына катышат.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көл эл аралык аэропортунан казак Өкмөтүнүн башчысын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Иш сапарынын алкагында Аскар Маминди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.