Биз менен байланышыңыз

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги ТИМге өтөт

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 641 | 0

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Тышкы иштер министрлигине өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн брифингде Тышкы иштер минстрлигинин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтуусунда, макулдашылган келишимдердин жана кол коюлган дкументтердин алкагында документтерди ишке ашыруу жана чет элдик инвестицияларды тартууда координацияланган жана дароо аракеттерди көрүү максатында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы инвестицияларды тартуу жана экспортторду жылдыруу агенттигине өзгөртүү боюнча маселе демилгеленип, тиешелүү документтер даярдалган.

Уланбек Дыйканбаев белгилегендей, жарым жылда туризмди өнүктүрүү боюнча 30дан ашуун эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, Кыргызстан тууралуу 10 улуттук стенд уюштурулган. ITB (Берлин), MITT (Москва), KITF (Алматы), Arabian travel market (Дубай) сыяктуу эл аралык иш-чара, көргөзмө жана жармакелерге катышуу уюштурулган.

Ошондой эле экспортту жана инвестициялык потенциалды алдыга жылдыруу боюнча 121 жолугушуу өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM