Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Сириядагы жарандарын кайтарып алабы?

Коом | 24 Июн 2019 | 985 | 0

Сириядагы согуш токтогондон бери Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан Сирияга мыйзамсыз кеткен жарандарын кайтарып алууда. Кыргызстандан ар кандай жолдор менен Сирияга мыйзамсыз кеткендердин жалпы саны 800гө жетет. Май айында жакындары Сирияда жүргөн айрым кыргыз жарандары аларды алып келип берүү өтүнүчү менен президентке кайрылуу жолдошкон.

Рамаз Сариевдин 2 кызы ортомчулардын алдоосу менен Сирияга кетип, турмушка чыгып, жыл айланбай аялын да чакыртып алышкан. Анын билдиришинче, ушу тапта Сирияда күртөрдүн лагеринде жайгашкан кыргызстандыктар катаал шарттарда кармалууда. Ал президентке жолдогон кайрылуусу боюнча, буларга токтолду.

«Анкета толтурганбыз. Бүт баарына тизмелерди бердик. Документ жасалып жатат деп айтып жатышат, бирок так айтылбайт. Сириядагы жакындарыбыз менен кээде байланышабыз. Негизи, телефонго чектөө коет экен. Бирок, көзөмөл жок убакта бири-бирине жардамдашып байланышка чыгат.»Бул жак ысык. Шарт жок. Эмне болуп жатат?  Качан алып кетчүдөй?» деп жатышат. Биз деле күтүп жатабыз».

Дагы бир Кыргызстандык жаран Гүлнара Мамбетованын кызы Сирияга алданып барып калган. Ал жакта эч кандай согуштук аракеттерге катышпастан, качкындар лагеринде жашаган. Согуштук аракеттер токтогондон кийин Кыргызстанга кайтууга жардам берүүсүн суранып байланышка чыккан. Анын айтымында, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар 400 чамалуу. Алардын жакындары бир эмес, экинчи ирет президенке кайрылуу жолдогон, бирок майнап чыга электигин айтууда.

“Сириядагылар менен байланыштык, кетебиз деп камдангандар 400 адам болду. Документтер жасалды. Тийиштүү органдар, 12 бала, 24 ата-эне гана катталды деп маалымат берип жатышат. Эмне үчүн бул иштер кармалып жатканын билбейм”.

Сириядан кыргызстандыктарды кайтаруу аракети боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылганбызда, аталган министрликтин маалыматтык департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаев бул эл аралык деңгээлдеги маселе болгондуктан, ачык маалымат бере албастыгын айтты. Бирок иш жүрүп жатканын кошумчалады.

“Бул маселе абдан этияттыкты талап кылат. Анын бары биздин жарандардын кызыкчылыгы үчүн. Андыктан, бул иште жабык түрдөгү аспектилери көп. Иш жүрүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдар биргелешип иш алып барып жатышат. Маалыматтар сыр катары сакталат, түшүнүү менен кабыл алыңыздар”.

Der Spiegel: Сирияда эң чоң апаат эми башталат

Сириянын үч лагеринде жана Ирактын түрмөлөрүндө кыргыз жарандары бар. Алардын көбү аялдар жана балдар. Мындай маалыматты укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында аларды мекенине кайтарып алуу өтө татаал маселе жана чоң каражатты талап кылат. Ага карабай укук коргоочу президентке кайрылуу жазган. Ал бул маселеге саясий жана укуктук жактан өзгөчө мамиле керектигин белгилейт.

«Менин оюмча, мамлекет тарабынан кандайдыр бир иш-аракеттер жасалып жаткан болуш керек. Бул өтө кылдаттыкты талап кылган маселе. Сириядагы жарандарыбызды алып келиш керек дегендер бар, ага каршы болгондор бар. Экинчи жагынан, финансылык-экономикалык жагын дагы караш керек. Алып келгенден кийин алардын укуктук, психологиялык маселеси кандай болот. Согуштук аракеттерге катышып-катышпаганын кантип далилдейбиз».

«Сирия — менин энемдей…»

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына таянсак, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM